Марал Радиосу

Чек ара: Баткен эли бийликтегилерге кайрылуу жасайт

Бүгүн, 13-январда Бишкекте Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарынан турган топ бийлик жетекчилерине кайрылат. Жыйынга Баткендин Көк-Таш, Ак-Сай айылынын тургундары катышат.

Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу аял жана балдар Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган. Жалпысынан 254 адам кайра үйлөрүнө кайрылып барды.

Чыр-чатакты жөнгө салууну талкуулоо максатында 14-январда өлкөнүн делегациясынын жолугушуусу өтөт.

Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган делегацияда Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Өкмөттүн Аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Чек арада азыркы учурда абал туруктуу.