Марал Радиосу

Орусияда азербайжандык бир туугандар кыргыз жаранын тоноп кетишти

Орусияда Азербейжандын үч жараны кыргызстандыкты тоноп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Окуя 9-январь күнү Санкт-Петербург шаарында катталган. Анда таксист болуп эмгектенген кыргыз жаранын үч адам тоногон. Шектүүлөр Азербейжандын жарандары —  үч бир тууган болуп чыкты.

Алар таксиге буйрутма беришкен. Таксист келгенден кийин айдоочунун бетине газ баллондон газ чачышкан. 25 жаштагы кыргыз жаранынын 15 миң рублин, уюлдук телефонун жана банктык карталары менен документтерин алып кетишкен, — деп айтылат кабарда.

Көп өтпөй шектүүлөр колго түшүрүлүп, тергөө иштери башталган.