Марал Радиосу

Австралия: өрткө чейин жана өрттөн кийин [фото]

Кенгуру аралы. Аралдын басымдуу бөлүгүн өрт жалмаган. Натыйжада бул аралда 2 адам жана миңдеген коалалар мерт болгон.
Татра Бич — өрткө чейин эс алуучу жай катары таанылган көлдүн жээги. Бүгүнкү күндө бул жерди токойдогу өрттүн күлдөрү ээлеген.
Маллакут шаарына тыгылган миңдеген адам. Аларды ортосу 20 сааттык жолду түзгөн эң жакын делген портко көчүрүүгө туура келген.
Эки сүрөттүн тартылган аралыгы 3 күн. Биринчи сүрөт өрт жетерине 2 сааттай калганда тартылган. Экинчиси 3 күндөн кийин. Имараттын үстү эч нерсе болбогондой калганы таң калтырат .
Тилсиз жоо жапайы токойду эле эмес, адамдар жашаган аймактарды да жалмады. Мисалы, бул — Кобарго тургундар пункту.
Көптөгөн үй-бүлөлөр турак-жайларынан ажырады. Бул жердеги үй толугу менен күйүп кеткен.
Кара түтүн каптаган асман.
Эки сүрөт тең бир күндө тартылган, аралыгы 1-2 саат.
Сиднейди түтүн каптагандыктан, шаардын сыймыгы болгон Харбор көпүрөсү да көрүнбөй калганын байкоого болот.
Токойдогу өрт.
Канберрадагы жаратылыш.
Өтмөк көпүрө.
Кенгуру аралы
Маллакута