Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусунун Жака-Өрүк айылындагы кырдаал боюнча маалымат берди.

10-январга караган түнү саат 00:40та белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашкан. Андан кийин алар Тажикстандын аймагына кире качышкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасында жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан Кыргызстандын башка жаранынын унаасын тажикстандыктар Көчө-Карын жергесинде таш менен ургулашкан. Натыйжада, унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.

Болжол менен түнкү саат 02.40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүнө таш жаадырышкан. Ал жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко кабылышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган.

Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.