Марал Радиосу

Германиядан акысыз билим алып келүүгө сынак башталды

Германияда билим алуу үчүн өтө турган республикалык сынак расмий түрдө старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Аталган конкурс үч турдан турат. Биринчи турда кыргыз же орус тилдеринде дил баян жазылат. Экинчи турга өткөн талапкерлер жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү менен маектешүүгө чакырылат. Экинчи турда конкурска катышуучулардын диплом, грамота жана башка артыкчылыгын белгилей турган документтерди тапшыруусу кошумча балл алып келет.
Үчүнчү тур Бишкекте болуп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана башка комиссиянын мүчөлөрү чечим чыгарышат. 
Үчүнчү турга өткөн кандидаттардын борборго келип-кетүү жол киреси каржыланат.

Республикалык сынактын биринчи туру төмөнкү даталарда өткөрүлөт:

Конкурстун максаты көп кыялданган, акылдуу, максатын так билген жана мыкты окуган жаштарга мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат. Өткөн кандидаттардын окуусун Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өзү каржылап берет. Аларга жарым жылга Германияга барып, тил курстарын окуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.