Марал Радиосу

Бүгүн Германиянын элчилиги 3 өлкөгө виза берүүсүн токтотот

Бүгүн, 1-январдан тарта Германиянын элчилиги кыргызстандыктарга Испания, Италия жана Австрия өлкөлөрү үчүн виза берүүсүн токтотот. Натыйжада, жарандар Германияга көбүрөөк виза ачтыра алышат. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен маалымдаган.

Испания, Италияга виза ачтырууну каалаган кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан же Алматы калаасына барышы керек. Бирок элчилик Шенген келишими боюнча виза берүү иштерин улантат.

Ал эми Австрия 2020-жылдан тарта Кыргызстанда визалык борборун ишке киргизери айтылган.

Кыргызстанда Австриянын визалык борбору ишке кирет