Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Ушул жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки 2020-жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.
Мамлекет башчысы келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өтүп бараткан жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, аймактык өнүктүрүү мамлекеттин саясатын, санариптик трансформация жана соттук-укуктук реформаны жылдырууда сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.
—Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутагынын ишмердиги Кыргызстандын жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Сооронбай Жээнбеков үч бийлик бутагынын жетекчилерине бекем ден соолук, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.