Марал Радиосу

Казакстанда 28-декабрь – аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстанда Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу 28-декабрь —  аза күтүү күнү деп жарыяланды.


Алматыда ичинде 100 адам бар учак кулады (видео)


Эске салсак, бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7.22де Алматы – Нур-Султан багытындагы Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы аэропортунан алысыраак жерге кулап түшкөн. Учактын бортунда жалпы 100 адам, 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон. Алардын арасында бир кыргызстандык бар.


Алматыда кыйраган учакта Кыргызстандын бир жараны болгон


Учак кырсыгында каза болгондордун саны 15 жеткени айтылууда.


Алматыда учак кырсыгынан каза болгондордун саны 14кө жетти