Алматыда кыйроого учураган учакта Кыргызстандын бир жараны болгон. Ал жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кырсыктан кийин Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги борттогу жүргүнчүлөрдүн тизмесин тактоого киришкен.
Алматыда ичинде 100 адам бар учак кулады (видео)
Учурда элчиликтин өкүлдөрү жапа чеккен кыргызстандыктан кабар алганы ооруканага барышкан.
Учак кырсыгында каза болгондордун саны 15 жеткени айтылууда.