Алматы – Нурсултан багытындагы Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы аэропортунун алысыраак жерге кулап түшкөн. Учактын бортунда 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери да болгон. Кулаган учактан аман калгандар бар. Кырсык болгон жерде эксперттердин жоон тобу иштеп жаткандыгы айтылууда.
Казак Республикасынын Граждандык авиация комитетинин маалыматына караганда кырсыктын кесепетинен жети киши каза болгон.
-Бүгүн, 27-декабрда саат 07-22де (04-22 мск) № Z2100 рейсиндеги Алматы-Нур-Султан багытындандагы учак бийиктиктен кулап, бетон тосмого келип урунган. Андан сырткары, эки кабаттуу курулушту сүзгөн. Токтоосуз куткаруу иштери жүргүзүлүп, учактын өрттөнүп кетүү коркунунучун алды алынган. Учурда өлгөндөрдүн саны жети адам болду, — деп ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Самолет упал близ Алматы: есть выжившие pic.twitter.com/ysWoiwMKNU
— Dergel (@Dergel9) December 27, 2019