Марал Радиосу

Шыкмаматов мандатын тапшырып, Ата Мекенден кетти

Депутат Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырганын жана «Ата-Мекен» партиясынан чыккандыгы тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орунбасары Абдыжапар Бекматов билдирди.

24.kg маалымат агенттигине Шыкмаматов өзү да бул маалыматты тастыктап, мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн оор болгонун айткан. Ошондой эле, ал өзүнүн партиядан чыкканын «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу болгон деп түшүндүргөн:

-«Ата-Мекен» партиясы, негизи, күчтүү жана ишеничтүү адамдардан турат. Мен бул партиянын катарында 15 жылдан бери саясатка аралашып келе жатам. Саясатчы катары «Ата-Мекен» партиясында бышып жетилдим. Албетте, мен өз партиялаштарыма жана анын лидери Текебаевге сыйым жогору. Текебаев кандай болгон күндө да, тарыхий адам жана харизмалуу саясатчы. Ал саясий жүрүштөрдө эң мыкты комбинация жасагандыгы менен айырмаланып турат. Мен андан көп нерсени үйрөндүм. Бирок менин катачылыгым — кумирге айлантып алганым болду, — деп кошумчалаган Шыкмаматов.

Ошондой эле, Алмамбет Шыкмаматов «Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам, «Ата-Мекенден» кетип калам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес болчу», — деп сөзүн жыйынтыктаган.


«Ата-Мекендин» дагы бир канча мүчөсү партиядан чыкканы жатат