Марал Радиосу

Кыргызстан алыш күрөш боюнча XVII дүйнө биринчилигинде 1-орунга татыды

Кыргызстандын курамасы алыш күрөш боюнча XVII дүйнө биринчилигинин командалык көрсөткүчүндө биринчи орунга татыды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 22-23-декабрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү.

Кыргызстан 6 медаль: беш алтын жана бир коло медалга ээ болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Белгилей кетсек, мелдешке 27 өлкөнүн 275 спортчусу катышкан.