Марал Радиосу

Индонезияда жол кырсыгынан 24 адам каза болду

Индонезиянын Түштүк Суматра аймагында автобус кулап, 24 адам каза болду. Андан сырткары, 16 жүргүнчү жарадар болгон. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Окуя 24-декабрга караган түнү Пагар-Алам аймагында болгон. 40 жүргүнчүнү ташып бараткан автобус жолдон чыгып, капчыгайга кулап кеткен.

Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүргүзүлдү. Жабырлануучулар жакынкы ооруканага жеткирилген.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар менен күрөшү агенттигинин айтымында, каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн.