Марал Радиосу

Премьер-министр Ош жана Жалал-Абад облустарынан кабар алат

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарына барат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр эки күндүн ичинде бир катар социалдык мекемелердин ачылышына катышып, инфраструктуралык жана өндүрүш объектилеринин курулушу менен таанышат.

Мындан тышкары, Абылгазиев жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы маанилүү маселелерди талкуулашы күтүлүүдө.