Марал Радиосу

Ажылык сапарга ташуу боюнча авиакомпанияларга конкурс жарыяланды

2020-жылдын ажылык иштери жакындап калганына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2020-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон ажылык сапарына ажыларды жеткирүү үчүн Кыргызстандын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда ушул жылдын 17–декабрынан 2020-жылдын 17-январына чейин конкурс жарыялайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Конкурс 2020-жылдын 21-январында саат 11:00дө Муфтияттын жыйындар залында  өтөт. Документтерди кабыл алуу ушул жылдын 17–декабрынан 2020-жылдын 17-январына чейин жүрөт.  Жыйынтык 2020-жылдын 23-январында жарыяланат.

Конкурска катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот:

Эске салсак, буга чейин сынакка бир эле саудиялык Flynas авиакомпаниясы документ тапшырып, жергиликтүү компаниялардан документ келген эмес. Ажыга баруучуларды буга чейин да Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы ташыган болчу.