Марал Радиосу

Өкмөт башчы «Кумтөрдө» жоголгон жарандарды издөөнү тапшырды

«Кумтөр» ишканасында иштеген эки кызматкер жер көчкү алдында калып, дайынсыз болууда. Аларды издөө үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишкен.

Өкмөт башчы жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.

Окуянын себеби боюнча кошумча маалыматтар берилет.