Марал Радиосу

Абылгазиев бажыдагы коррупцияны жоюунун жолун айтты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жалпы жыйынында 2019-жылга республикалык бюджет тууралуу маалымат берип жатып, бажыдагы коррупцияны жоюунун жолдорун айтты.

Абылгазиевдин айтымында, бажы системасындагы бардык процедураларды санариптештирүү адам факторун азайтуунун бирден-бир жолу.

Бажы тармагын толугу менен санарипке өткөрөбүз. Азыр бажыдагы жемкорлукту ар кандай персоналарга байлап жатабыз. Мындан кетүүнүн бир гана жолу – бажы системасындагы процедуранын баарын санарип формага алып келишибиз керек. Бул тууралуу президент да айтты. Ташып келүүдө эсепке алынбаган товарлардын баары ушундай жол менен эсепке алынат. Мына быйыл бажы посттору заманбап техникалык база менен жабдыла баштады. 472 видео-камера орнотулду. 5 бажы постторуна инспектордук көзөмөлдөөчү комплекс коюлду.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда бажыдагы коррупциялык схемаларды аныктаган журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда айтылган фактыларга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын туугандарынын тийиштиги бар экендиги айтылган. Коомчулук бул фактылардын негизинде чара көрүүнү талап кылып, 25-ноябрда тынчтык митингин өткөрүштү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети журналисттик иликтөөдөгү фактылардын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.