Марал Радиосу

Парламент «бажыдагы аткезчилик» маселесин кароону кийинки жумага калтырды

Парламент жыйынында айрым депутаттардын бажыдагы аткезчилик маселесин кароо боюнча сунушу колдоо тапкан жок. Тагыраак айтканда, бул маселени кароо кийинки жумага калтырылды. Мунун себебин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 27-28-ноябрдагы жыйындардын регламенти алдын ала бекитилгендиги менен түшүндүрдү.

-Өзүңүздөр билгендей, парламентте бюджет маселеси жана Конституциялык палатанын өкүлдөрүн шайлоо регламентке алдын ала киргизилген. Мындан улам, бажыдагы аткезчилик боюнча жалпы жыйындагы талкууну кийинки жумага калтырып турууну сунуштайм,-деп билдирди төрага.

Ал ошондой эле бажыдагы аткезчилик боюнча парламенттеги тармактык комитеттер иш алып барып жаткандыгын да кошумчалады.