Марал Радиосу

Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаевге карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Кылмыш жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине ылайык, кылмыш иши козголду.

Эске сала кетсек, депутат Канатбек Исаев укук коргоо органдары тарабынан 30-сентябрда “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген шек менен кармалган. Андан кийин агасы Талантбек Исаев ИИМдин Күзөт башкармалыгынын башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган.

Кийинчерээк Канат Исаевге карата кылмыш иши токтотулуп, Талантбек Исаев кызматына кайтып келген.