Марал Радиосу

Шыкмаматов: Парламент тарых алдында күнөөлүү

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө КРдин мыйзамдары идеалдуу. Бирок аны аткара тургандар ар кандай бут тосуулар менен иштей албай жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЖКнын депутаттары коркоктугунун, добуштарды сатып алгандыгынын, бийликтин тизмеси менен келгендиктин айынан парламентаризмди пайдалана албай жатышат:

-Парламент мыйзамды аткарбагандарды соттоп, тергей албайт. Бирок өкмөткө ишеним көрсөтпөй, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди баш кылып кызматтан алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок парламенттин ушуну жасабай жатканы үчүн тарых алдында күнөөлүү. Эмне үчүн парламент жаман деп сурашса, мен ушинтип айтар элем. Баары сындайт, аягында чечимге келгенде эле чырылдап калып калуудабыз. Биздин фракция «каршы» деген добушун берет, бирок 99% добуш менен өтүп кетип жатат, — дейт Шыкмаматов.