Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Парламент тарых алдында күнөөлүү

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2019 | 909 | 2

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө КРдин мыйзамдары идеалдуу. Бирок аны аткара тургандар ар кандай бут тосуулар менен иштей албай жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЖКнын депутаттары коркоктугунун, добуштарды сатып алгандыгынын, бийликтин тизмеси менен келгендиктин айынан парламентаризмди пайдалана албай жатышат:

-Парламент мыйзамды аткарбагандарды соттоп, тергей албайт. Бирок өкмөткө ишеним көрсөтпөй, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди баш кылып кызматтан алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок парламенттин ушуну жасабай жатканы үчүн тарых алдында күнөөлүү. Эмне үчүн парламент жаман деп сурашса, мен ушинтип айтар элем. Баары сындайт, аягында чечимге келгенде эле чырылдап калып калуудабыз. Биздин фракция «каршы» деген добушун берет, бирок 99% добуш менен өтүп кетип жатат, — дейт Шыкмаматов.

2 пикир

2 пикир

  1. Токур

    26.11.2019 18:54

    Парламенттин аброюн кетирген, уялчаак, элита, атын жазалбаган депутаттар чимкирик атка кондурду. Тарыхта «чимкирик» болуп каласынар.

  2. Bektursun

    27.12.2019 13:12

    Демек, Парламентибиздин өлгөнү ушул.
    Чынығы Парламентарий үмүтүн үзгөнүнөн кетти да.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM