Марал Радиосу

Ооганстанда полиция бөлүмүнө чабуул жасалып, бир канча кызматкер курман болду

«Талибан» радикалдык кыймылынын аскерлери Ооганстандагы Дайкунди провинциясындагы полиция бөлүмүнө чабуул койду. Бул тууралуу жергиликтүү губернатордун маалымат катчысына шилтеме жасап, Анадолу агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, чабуул учурунда 8 адам каза болуп,  4 полиция кызматкери жарадар болгон.

Ошондой эле ок атышуунун жүрүшүндө 25 талибан жок кылынган.

Бул тууралуу «Талибан» кыймылы эч кандай билдирүү жасай элек.