Марал Радиосу

Абылгазиев: «Аялдар — башкы кыймылдаткыч күч»

Өкмөт ишкер айымдарды ар дайым колдойт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияга катышуу учурунда билдирди.

 Өкмөт башчы ишкер айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнү жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү:

«2010-жылы дүйнөдө болгону 91 аял миллиардер деп белгиленсе, 2019-жылга карата алардын саны 243кө жеткен. Учурда 21 жаштагы Кайли Дженнер эң жаш миллиардер болуп катталды. Буга чейин Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг эң жаш миллиардер катары саналчу. Бүгүн бул рекорд аял кишиге таандык», — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өлкөдө экономикалык активдүү калктын 68%ын аялдар түзөт.

Өкмөт башчы коомдо материалдык бакубатчылыкты эркектер менен бирдей түзгөн аялдардын маанилүү ролун баса белгиледи.