Марал Радиосу

ТИМ Гонконгдон дагы 27 кыргызстандык студентти алып чыгып кетти

Нааразычылык акциялары жүрүп жаткан Кытайдын Гонконг шаарынан кыргызстандык дагы 27 студент мекенине кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Алар 18 — 19-ноябрда Гонконг — Алматы — Бишкек жана Гонконг — Москва — Бишкек багыты боюнча учушкан. Студенттерди аэропортко чейин алып келүүгө кеткен каражатты Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугунда иштеген кызматкерлер төлөп берген.

Гонконгдо калган 12 студент 21-22-ноябрда учуп келери маалыматта айтылат.

Кыргызстандыктар Гонконгдогу Сянган административдик аймагынан нааразычылык акцияларынан жана башаламандыктан улам чыгып кеткен. Жалпысынан ал жакта кыргызстандык 42 студент билим алат. 15-ноябрда алардын үчөө Кыргызстанга келген.

Быйыл июнь айында бийлик экстрадиция боюнча мыйзам долбоорун сунуштагандан кийин Гонконгдо массалык башаламандык башталган. Андан бери 3 миң киши кармалып, 1,5 миң киши түрдүү жаракат алган. 400дөн ашык полиция да жабыркаган. Гонконгдун бийлиги мыйзам долбоорун чакыртып алган, бирок каршылык акциялары токтой элек.