Марал Радиосу

Ошто жер титиреди

Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы кабарлады.

Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ Ош облусунун аймагында катталып, жер титирөөнүн очогунда күчү 3 баллга жеткендиги белгиленген.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандардар болгон жок.  Ошондой эле, кыйроолор катталган жок.