Марал Радиосу

Ар улуттун жаштары президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен өзгөчө куттукташты (видео)

Бүгүн Бишкек шаарында ишембиликке чыгышкан жаштар тобу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду куттукташты.

Ар улуттун өкүлдөрүнөн чогулган жаштар Сооронбай Жээнбековду бүгүн, 16-ноябрь туулган күнүнө карата ар кайсыл тилде куттук айтышты. Мындай өзгөчө куттуктоонун видеосун Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн facebook баракчасына койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 61 жашка чыкты. Мамлекет башчысынын туулган күнүн куттуктап, көптөгөн өлкө башчылары куттуктоо каттарын жөнөтүшүүдө.