Марал Радиосу

Талас менен Баткенге суу жеткирүүгө 20 млн доллар бөлүнөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыз кылуу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду.

Ислам өнүктүрүү банкы Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар жеӊилдетилген насыя берет. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы бардык айылдар таза суу менен камсыз болот.