Марал Радиосу

Трамп: «Байденди жеңүү үчүн Украинанын жардамына муктаж эмесмин»

President Donald Trump speaks during a news conference with Polish President Andrzej Duda in the Rose Garden of the White House, Wednesday, June 12, 2019, in Washington. (AP Photo/Evan Vucci)

АКШ президенти Дональд Трампка 2020-жылы ноябрда өтүүчү президенттик шайлоодо атаандашы Джозеф Байденди жеңүү үчүн Украинанын жардамынын кереги жок. Бул тууралуу Америка лидери Луизиан штатында тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө айтты:

Мурдагы шайлоодо менде тажрыйба жок болчу. Ошентсе да, Буштун династиясын, андан соң Клинтондорду, Обаманын тобун да жеңип өттүк. Эми келип «уйкучу» Байденди жеңүү үчүн Украинадан жардам сурайбызбы? Мен андай деп ойлобойм,— деди өлкө башчы.

Трамптын айтымында, демократтар баштаган импичмент жарыялоо процедуралары өлкө ичинде республикачыл партиянын популярдуулугун жогорулатып жаткандыктан, республикачылар иштин уланышына кызыктар.

Трампка карата импичмент ишке ашканы калдыбы?

Ошондой эле америка лидери «акылсыз демократтарды жана алардын өнөктөшү болгон маалымат каражаттарын» сындап өттү.