Марал Радиосу

Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү айтылды 

2018-жылдын 31-декабрына карата ички жана тышкы мамлекеттик карыздын көлөмү 311,8 млрд. сомду (4,5 млрд. доллар) түздү. Бул тууралуу Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Жалпы мамлекеттик карыздын:

2018-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалган. Анын ичинде:

Мамлекеттик карыз 2017-жылга салыштырмалуу 65,7 млн долларга же ИДПга карата 2,8 %га кыскарды. Тышкы карыз – 254 млн долларга, же ИДПга карата 5%га азайды.