Марал Радиосу

Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп калды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Самат Курманкулов ден соолугу акырындан жакшырып, өзү баса баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Курманкуловдун абалы акырындык менен жакшырып жатат. Жылыш бар. Ал өз алдынча сүйлөп, басып калды. Реабилитация улантылып жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Чүй милициясынын башчысы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында баш мээсинен жаракат алып, кома абалына түшүп калган.

Курманкулов Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

Жакында Кыргыз милициясынын 95 жылдыгынын урматына Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланган.


Самат Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланды