Марал Радиосу

Орусияда жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Ошко алынып келинет

Орусиянын Ленинград шаарында жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү бүгүн Ош шаарына алынып келинет.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Кыргызстандыктын сөөгү “Груз 200” Санкт-Петербург шаарынан бүгүн 5-ноябрда Ошко келет.


Ленинградда жол кырсыгынан кыргызстандык каза болду


Эске сала кетсек, окуя 1-ноябрда болгон. Шаардагы Парголов—Огоньки жолунда Suzuki Grand Vitara унаасынын 60 жаштагы айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, 25 жаштагы кыргызстандык жаран башкарып бараткан Skoda Octavia унаасы менен бет маңдай кагышкан. Кыргыз жараны окуя болгон жерде мерт кеткен. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну болгон.