Марал Радиосу

Жаза аткаруу кызматынын конвойдогу аскери токко урунуп каза болду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана конвои департаметинин катардагы аскер кызматкери каза болду.

Бул тууралуу аталган мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 4-ноябрда №3 түзөтүү жайында 4-батальондун катардагы аскери Р.Б. электр тогунан жапа чегип жаракат алган. Дарыгерлер көрсөткөн медициналык жардамга карабастан ал каза болгон.

22 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Р.Б. 2018-жылы аскерге чакырылган.

Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.