Марал Радиосу

Жоробеков президентке кимдер бут тосуп жатканын айтты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мыйзамдуулукту сактап парламенттик шайлоо өткөрсө, тарыхта калат. Аптпесе, мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевден эч кандай айырмасы болбойт. Мүмкүн алардан да начар абалда калышы ыктымал. Мындай пикирин саясат талдоочу Жолборс Жоробеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков 2020-жылкы парламенттик шайлоону жакшы өткөрүп берсе, кандай адамдар шайланып келбесин сөзсүз президентти угашат. Анткени ментилатет ушундай.

«Шайлоого даярдыкта президентин тегерегенидегелер, кудаа-сөөктөрү «өзүбүзү команданы топтоп, парламентке ишгенимдүү адамдарды алып келебиз» десе, чоң чыр чыгат. Президент парламенттик шайлоонун босого чегин төмөндөтүп, коомдук пикирди угушу керек», — дейт Жоробеков.

Ал Жээнбековго бут тосуулар болуп жатканын белгиледи.

«Атамбаевдин бир өзгөчөлүгү бар эле. Ал адамдарга байлыкты да, наамдарды да, керек болсо колундагы саатын, журналисттерге 10-10 мин доллар берип койчу. Ушуга окшогондор абдан көп. Ошолордун баары азыр Жээнбековдун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратууда», — дейт Жоробеков.