Марал Радиосу

Жумаканов: Кытайдан жумуртка да, мал эти да кирбейт

Кытайдан жумуртка да, мал эти да кирбейт. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жылына 58 миң тонна тоок этин импорттоого муктаж. Анын 30 миң тоннага жакыны Орусиядан келет. Калган бөлүгү Казакстан, Украина, АКШ жана Кытайдан импорттолот.

Келген эттер ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өтүп, лабораторияларда текшерилет. Рынокто буйвол эти жок жана алып келүүгө уруксат берилген эмес.

«Жумурткадан коркпоңуздар. Алар Казакстан менен Орусиядан келет. Кытай тарап эшектерди тирүүлөй алып кетет», — дейт Жумаканов.