Марал Радиосу

Кытайдан келген 50 тоннадан ашык алма артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти Кытайдан келген өсүмдүк продукцияларын кайра кайтарды. Бул тууралуу аталган департаменттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-кытай «Торугарт» чек ара өткөрмө пунктунда 29-октябрда Кытайдан ташылып келген фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон карантинге алынган 50 тоннадан ашык эки партия алма кармалган.

Коштоочу документтерди жана жүктү текшерүү учурунда, карантинге алынган продукциялардын партиясы ЕАЭБтин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу менен ташылгандыгы аныкталган.