Марал Радиосу

Молдокматов: Жазында ун тартыш боло баштайт

Жазында ун тартыш боло баштайт. Анткени мамлекет дыйкандарга шарт түзбөй, башка өнүмдөргө өтүп кетти. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Модокматов өлкөдөгү 903 миң гектар жайыттын 63% деградация болуп бүткөнүн айтып, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин ишин начар деп баалады.

Молдокматовдун пикиринде, айыл чарба тармагы чоң кризистин алдында турат.

“Чодуев КТРКдан түшпөй “кыйраттык” деп отурат. Бирок чындыгында эч нерсе жасалган жок. Эртең ун кымбаттап, ачкачылык болсо, Чодуев жооп бербейт. 1991-жылдары айыл чарба тармагы ички дүң продукциянын 46%ын ээлесе, учурда 5%га түштү. Өкмөт өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясы боюнча президенттин жарлыгына каршы иштеп жатат. Бул саботаж”, — дейт Молдокматов.

Ал мындан сырткары Чодуевге бир нече иш козголгонун да белгиледи.