Марал Радиосу

18 адамдын өмүрүн алган Чилидеги башаламандык [фотогалерея]

14-октябрдан бери Чилиде калайман каршылык акциялары токтобой келет. Акциянын чыгышына өлкөнүн борбору Сантьягодо метродогу жол акыны 3-4 сомго көбөйтүү себеп болгон.

Чилинин президенти Себастьян Пиньера метродогу жүргүнчү акысын көтөрүүдөн баш тартышканын кабарлаганы менен, демонстранттар каршылык акциясын токтотушкан эмес. Жол киренин көтөрүлүшү  — калктын бийликке карата топтолгон нааразычылыктарын көрсөтүүгө шарт түздү.

Сантьягодогу толкун 10 күн мурда башталган. Жүздөгөн мектеп окуучулары жана студенттер билетсиз жүрүшүп, турникеттерден секирип, жер астындагы жолдордо каршылык акцияларын уюштурушкан.
18-октябрда башаламандык максималдуу түрдө өскөн. Манифесттер полиция кызматкерлерин таштар менен уруп, унааларды өрттөп, метро станцияларын талкалаган. Нааразычылыктан улам,  коомдук транспорт кыймылдарынын режими бузулуп, жалпысынан  аймактардагы 43 мектеп убактылуу жабылган.

Чилинин президенти Себастьян Пиньера өлкөдөгү абалды согушка салыштырды.

Борбор шаарда 40 метро станциясы талкаланып, 15тен ашуун автобус өрттөнгөн.

Башаламандыкты токтотуу үчүн полиция кызматкерлери жана армия тартылган.

Каршылык акциялары күчөп кеткендиктен, 18-октябрда Сантьягодо өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Полиция демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газдарды жана басым менен суу аткан унааларды колдонушкан.

Акциянын жүрүшүндө 1400дөн ашык жаран кармалды.

Калайман нааразычылыктардын айынан 18 адам каза болду.

Себастьян Пиньера акция учурундагы баскынчыларды «Чилинин душманы, өзүн-өзү сыйлабагандар»,- деп атады.

Демонстранттардын айынан жалпы бекеттердин 40 пайызын оңдоп-түзөөгө туура келет.