Марал Радиосу

Коомдук укук коргоочу: Президентке 105 жолу кайрылуу кат жиберип, бири да жеткен жок

«Мен буга чейин да 5 жыл бою мурунку өлкө башчысына, анан Сизге да 105 жолу кайрылуу каттарын жиберип, бирок президенттик аппараттагы айрым чиновниктер тарабынан ал каттар Сизге жеткен эмес. Ошондой эле ал чиновниктер биздин өтүнүчтөрүбүздүн ушул күнгө чейин аткарылбай келишине себепкер болушту».

Мындай пикирин Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу, коомдук укук коргоочу Шарап Абдыкадыров Президентке жазган кайрылуусунда билдирген.

Ал Президент Сооронбай Жээнбековго болгон кайрылуусунда төмөнкү маселелерди чечип берүүнү суранган: