Марал Радиосу

Улуу Британияда 39 жансыз дене жүктөлгөн унааны кармашты

Британияда ичинде 39 жансыз дене болгон жүк ташуучу унаа табылды. Унаа Грейс шаарындагы өндүрүш аймагында токтотулган. Жергиликтүү полиция  бул жерге 23-октябрда келген. Маалыматтарга ылайык,  жансыз денелер жүктөлгөн жүк ташуучу унаа Болгариядан чыгып,  20-октябрь күнү Улуу Британиянын аймагына кирген.

Полициянын  айтымында, унаада 38 чон кишилердин сөөгүнөн сырткары, 1 өспүрүмдүн жансыз денеси болгон. Алардын өздүгүн тактоо көп убакытты талап кылышы мүмкүн.

Шектүү катары унаанын айдоочусу  25 жаштагы ирландия жараны кармалган. Учурда кылмыштын чоо-жайы териштирилип жатат.