Марал Радиосу

Төрөбаев: Эл качан шайлабай калганда, саясаттан кетем

2020-жылкы парламенттик шайлоо көп каражатты талап кылат. Бирок акча баарын чечпейт, элдин добушу чечет. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

-«Өнүгүү Прогресс» фракциясы 2015-жылкы шайлоодо парламентке акча эмес, аброй менен келдик. Биздин партия берген 32 убадасынын 20га жакынын аткарды. Мен дайыма саясатта болом, качан эл шайлабай калганда кетем. Абройлуу, эл үчүн иштеген балдар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Анткени парламентке көп мандат менен келүүнүн аракетиндебиз.

Анын айтымында, парламенттик шайлоо мыйзам чегинде 2020-жылы октябрь айында өтөт.

Төрөбаев буга кошумча, мамлекет үчүн ар дайым биригүүгө барып, сүйлөшүп, программаларды ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

«Өндүрүштө иштеп, жылына 200 млн сомго чейин салык төлөп жүргөнбүз, бул эл үчүн. Экинчиден, парламентке келип, эл үчүн бир топ мыйзам, өкмөттүн токтомдорун киргизгенбиз. Менин бүт аракетим эл үчүн. Коррупцияга катыштымбы? Бирөөңөр да айта албайсыңар. Же бир жерде ЖЭБди жардырдымбы, же учак кулаттымбы? Жок. Бирөө менин үстүмөн пара талап кылып жатат деп арыз жаздыбы? Жок. Мен мамлекетчил адаммын», — дейт депутат.