Марал Радиосу

Бакиров: Парламент олигархтык деңгээлге жете элек

Учурда парламент олигархтык деңгээлге жете элек, бирок ири ишкерлер бар. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин V чакырылышына бир топ тажрыйбалуу депутаттар келип, парламенттин курамы күчтүү болчу.

2020-жылы парламентте 50%дан кем эмес жаңылануу болот 

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда парламентте көз карандылык байкалган. Азыр ЖК көз каранды эмес. Анткени президент Сооронбай Жээнбеков парламентке көрсөтмө берген маселе жок», -деп кошумчалады Бакиров.