Марал Радиосу

2015-жылдагы Парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого болсо кайсы партиялар өтмөк?

Парламенттик шайлоодогу партиялардын парламентке келишин шарттаган 7 пайыздык босого 9 пайызга көтөрүлгөн. Мындан улам 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында кайсы партиялар өтүп-өтпөгөндүгүн сиздерге сунуштайбыз.

Аталган шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде партиялар төмөнкүдөй добуштарга ээ болгон:

КСДП — 432 миң  846 добуш, же  27,56%;

«Республика — Ата-Журт» — 318 миң 266 добуш, же 20,26%;

«Кыргызстан» — 205 миң 286 шайлоочу, же  13,07%;

«Өнүгүү — Прогресс» — 147 миң 515 добуш, же 9,39%;

«Бир Бол» — 134 миң 909 жаран, же 8,59%;

«Ата Мекен» — 122 миң 500 добуш, же 7,83%.

КСДП 38 мандат, «Республика — Ата-Журт» — 28, «Кыргызстан» — 18, «Өнүгүү-Прогресс» — 13, «Бир Бол» — 12, жана «Ата Мекен» 11 мандатка ээ болгон.

Эгерде 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого болгондо көрүнгөндөй  бүгүнкү күндө Парламентте КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс» партиялары гана болмок.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу биометрикалык маалыматтардын жардамы менен өткөн 2015-жылдагы шайлоодо добуш берүү укугуна 2 миллион 670 миң 480 жаран ээ болгон. Алардын ичинен шайлоого катышкандар 1 миллион 630 миң 122 жаран башкача айтканда  жалпы шайлоочулардын 59 %ы катышкан.