Марал Радиосу

Азимов: 2020-жылы жалпы шайлоолорго 1 млрд 214 млн сом каралууда

2020-жылы жалпы шайлоолорго 1 млрд 214 млн сом каралууда. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын берген маалыматына ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоого 560 млн сом кетет. 2020-жылдын март-май айларында 31 Жергиликтүү Кеңешти шайлоого 60,5 млн сом бөлүнөт. Ошол эле жылдын декабрында 386 Жергиликтүү Кеңешти шайлоого 386 млн сом коротулат.

Республикалык бюджеттин 2020-жылга карата долбооруна ылайык, казынанын киреше бөлүгү 163,7 млрд сом, чыгашалар 173,7 млрд сом, ал эми тартыштык 10 млрд сомду түзүшү күтүлөт. 2021-жылы бюджеттин тартыштыгын 8,6 млрд сомго, 2020-жылы 5,7 млрд сомго чейин азайтуу планы бар.

2020-жылы ИДПнын номиналдуу көлөмү 667,1 млрд сомду, ал эми реалдуу өсүш темпи 5 пайызды түзөрү болжолдонууда.