Инвестиция салууда негизги критерий — ишкердин дурустугу. Бул тууралуу «Tredstone Capital Partners» ишканасынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев Бишкекте өтүп жаткан «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда билдирди.
«Эң маанилүүсү, сиз өзүңүздүн ролуңузду аныктап алышыңыз керек. Сиз инвесторсузбу, өнөктөшсүзбү же насыя берүүчүсүзбү? Ошондой эле ишкердик баштоодо ачык-айкын талкуулап алуу зарыл», — дейт Темиралиев.
Ал мындан сырткары, милдеттерди так бөлүштүрүп, түшүнгөн тармакка инвестиция салууну сунуштады.
Белгилей кетсек, учурда «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда ишкерлердин B2I, B2B форматындагы жолугушуулары өтүп жатат.