Марал Радиосу

Британия полициясы 580ден ашык экоактивистти камады

Лондон шаарында табияттын корголуусун талап кылып нааразычылык акциясына чыккан «Extinction Rebellion» (Тукум курут болууга каршы көтөрүлүш) кыймылынын 583 мүчөсү Британия полициясы тарабынан кармалды. Акцияны көзөмөлдөө үчүн 500 коопсуздук кызматкери тартылган.

Лондондогу акцияларга 30 миңдей киши катышып, эки аптага созулары айтылган. Биринчи эле күнү полиция кызматкерлери 200 чакты кишини кармаган.

Былтыркы жылы өткөн нааразылык акциясында 1100 адам кармалган болчу.

«Extinction Rebellion» кыймылынын каршылык акциясы климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшкө багытталган. Экоактивисттер климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүдө бийлик тарабынан да активдүү аракеттер көрүлүшүн талап кылышууда. Мындай акциялар дүйнөнүн 60 шаарында өтүп жатканын ВВС кызматы жазды.