Марал Радиосу

Ирак: Митингден каза болгондордун саны 30дан ашты

Иракта бийликке каршы нааразычылык акцияларынан улам каза болгондордун саны 30дан ашты. Бул тууралуу AP агенттиги жазды.

Митинг өлкөдө экономикалык абалдын начарлашынан жана жумуш орундарынын жоктугунан улам башталган.

Нааразычылык акциялары 1-октябрдан бери уланууда. Тынымсыз өткөн акциянын айынан элди таратуу үчүн коопсуздук кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонушууда. Ошондой эле премьер-министр Адель Абд аль-Махдинин буйругу менен 3-октябрда коменданттык саат киргизилди.