Бүгүн таңкы бештен баштап Ирактын борбору Багдад шаарына коменданттык саат киргизилди. Буйрукка өлкөнүн премьер-министри Адель Абд аль-Махди кол койду.
Ага ылайык, көчөлөрдө, коомдук жайларда кандай максатта болбосун, акция уюштурууга тыюу салынат.
Нааразычылык акциялары 1-октябрда башталган. Демонстранттар Ирактын борборундагы эл аралык аэропротко кирүүгө аракет кылышкандыктан коопсуздук кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонуп кууп чыгышкан.
Багдадда башталган нааразычылык толкуну башка аймактарга да жайылган. Демонстранттар: жашоо шартын жакшыртуу, калктын саламаттыгына, билимге, эмгек жаатына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жана жемкордук менен күрөшүүнү талап кылышууда.
Тынымсыз уланган акцияда 5 киши каза болуп, 200дөй киши ар кандай жаракат алганын жергиликтүү маалымат булактары жазышууда. Ошондой эле, Facebook, WhatsApp сыяктуу социалдык тармактарга да чектөө киргизилген.