Марал Радиосу

Акаев: Кыргызстанда абсолюттук президенттик башкаруу болуп жатат

«Кыргызстанда парламенттик –президенттик башкаруу болгону менен иш жүзүндө нак президенттик башкаруу болуп жатат. Парламенттин 90%ы бизнесмендерден турат, алар эч качан адилеттүүлүктү талап кыла албайт. Биз сунуштаган  бир да мыйзам өтпөйт«, — деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Азаттыктын» талкуусунда.

Мындан сырткары, Жанар Акаев Матраимовдор менен деп айтылып жаткан «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен бир да жолу сүйлөшпөгөнүн жана алар менен шайлоого барууга муктаж эмес экендигин кошумчалады.