Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 2-октябрда саат 12:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.
Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.