Марал Радиосу

Bishkek Investment Forum: жылдын эң ири ишкер форумун өткөрүп жибербеңиз!

10-октябрь Кыргызстанда биринчи жолу EXPO International Trade and Franchise иш-чарасы өтөт. Бул франшизанын негизинде иштешүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн сооданын символу жана ачык аянтча катары эсептелген эл аралык көргөзмө. АКШнын, Европалык Биримдиктеги өлкөлөрдүн, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана Борбор Азиялык аймактын бизнес өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Алар өз бизнесинин франшизаларын сунушташат.

Көргөзмөгө бардык бизнес-өкүлчүлүктөр чакырылат. «Дасмия» этнокомплексинде саат 9да башталат. 1500 катышуучу күтүлүүдө. Көргөзмөгө кирүү акысыз.

Ал эми 11-октябрь күнү болсо BIF — жолугушуу өтөт. Бул — ишкерлерге бизнеси үчүн каржылык колдоо таба алган, бизнес технологиялары жөнүндө сөз боло турган билим берүүчү Кыргызстандагы эң чоң форум. Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык региондорунан ишкерлер келишет. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышат. Жалпысынан 1500 катышуучу күтүлүүдө. Форумга билет баасы 1000 сом.